Фермерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө 15 миллиард сом каралды.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев билдирди.
Ошондой эле ирригациялык тармакты жакшыртууга 1 миллиард сом бөлүндү. Ал эми
үрөн сатып алууга 1,5 миллиард сом каралууда. Бул максатта тиешелүү макулдашуулар
жетишилди. Андан тышкары, минералдык жер семирткичтерди сатып алууга
1 миллиард сом бөлүү пландалып жатат.