Бишкек жана Оштогу мектеп директорлук кызматына сынактын экинчи туру жарыяланды

Билим берүү министрлиги Бишкек жана Ош шаарларындагы орто мектептердин директорлук кызматына сынактын экинчи турун жарыялады.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө ордо калаадагы 22 билим берүү мекемесинин жетекчилеринин орундары бош.

Компьютердик тестирлөөнүн графиги жана кайда өтөөрү кийинчерээк жарыяланат.