Кыргызстанда ун жана буудай импорттоочулар кошумча нарк салыгынан бошотулду

Кыргызстанда ун жана буудай импорттоочулар кошумча нарк салыгынан бошотулду.

Тиешелүү токтомго кол коюлду жана ал 2022-жылдын 1-августуна чейин күчүндө болот.

Жеңилдиктер Жергиликтүү жана импорттолгон буудайдан салынган унга, ун салдыруу

үчүн буудай алып келген импортчуларга жана материалдык резервдер фондуна берилет.

Мындай чара базардагы бааны турукташтыруу максатында кабыл алынды. Эске салсак,

буга чейин өкмөт Кыргызстандагы айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн

ЕАЭБ биримдигинен тышкары чыгарууга жарым жылга тыюу салган.

Бул азыктардын арасында буудай уну дагы бар.