АКШ Кыргызстанга «Pfizer» вакцинасынын 150 миң дозасын берет

АКШ Кыргызстанга «Pfizer» вакцинасынын 150 миң дозасын берет.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы

Нолен Жонсон билдирди. Анын айтымында, вакцина ушул айда келип түшөт.

Эске салсак, АКШ буга чейин дагы декабрда Кыргызстанга

«Pfizer» вакцинасынын 49 миң дозасын тапшырган.