Кыргызстанда жакынкы аралыкта коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилбейт.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр бейшеналиев билдиргендей,
эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Акыркы суткада коронавирустун 350гө жакын
жаңы учуру катталды, бирок анын 80 пайызы жеңил формада өтүп жатат. Анын ортосунда
бардык билим берүү мекемелеринде, соода аянттарында санитардык талаптардын
сакталышын текшерүү күчөтүлөт. Учурда Бишкектеги медициналык мекемелерде
1 миң орун даярдалды, дары-дармектердин запасы 4 айга жетет, дарыгерлер
толук даярдыкта, — деп кошумчалады министр.