Саламаттыкты сактоо министрлигине беш тез жардам унаасы тапшырылды.
Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, унааларды коомдук фонд алып берди.
Машинелер керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Аларды Ысык-Көл облусунун
Чолпон-Ата аймактык ооруканасына, Бишкектеги №3-шаардык клиникалык тез жардам балдар
ооруканасына, ошондой эле Ош шаарындагы облустар аралык балдар ооруканасына тапшыруу
пландалууда. Белгилеп кетсек, ар бир техниканын баасы 26 миң долларды түзөт.