Жалдагы балдар ооруканасы иштеп жатат.
Бирок оор абалдагы бейтаптар гана кабыл алынууда.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын айтымында,
медицина мекемесине киргендердин дене табы өлчөнүп,
анкета толтурулуп жатат. Коронавируска шектүүлөр дароо өзүнчө
палатага изоляцияга алынат. Бейтаптар менен иштешкен медицина
кызматкерлери убагы менен КОВИД-19га анализ тапшырууда.
Буга чейин вирус катталган ата-энелер, балдар жана оорукананын
медицина кызматкерлери Республикалык жугуштуу
оорулар ооруканасына которулду.