Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы оорукана пайда болот.
Өкмөттүн облстагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, медициналык мекеме 150 орунга ылайыкташат.
Ал Баш-Булак айылында салынууда. Учурда куруучулар чатырын жаап, терезелерин орнотуп,
электр зымдарын өткөрүп жатышат. Мекеме пандемия аяктаганга чейин жугуштуу илдеттер
ооруканасы болот. Кийин терапевттик медициналык мекеме катары пайдаланылат