АКШдагы Улуттук футбол лигасы «Сиэтл Сихокс» командасынын башкы машыктыруучусу
Пит Кэрроллго бет капсыз жүргөнү үчүн 100 миң доллар айып салды. РИА Новости билдиргендей,
машыктыруучу «Нью-Ингленд Пэтриотс» клубу менен өткөн оюнда бет кап тагынган эмес.
Беттеш жекшемби күнү Сиэтл шаарында өтүп, талаа ээлери 35:30 эсебинде утуп алышкан.