Россия президентинин басма сөз катчысынан коронавирус аныкталды

Россиянын президенти Владимир Путиндин башкы катчысы Дмитрий Песков коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

 

«Ооба, ооруп жатканым чын. Дарыланып жатам», — деп билдирген башкы катчы.

 

Песков коронавируска чалдыккан төртүнчү жогорку даражалуу чиновник болуп калды. Алгач Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинден коронавирус аныкталган. Андан кийин Курулуш министри Владимир Якушев жана Маданият министри Ольга Любимова вирус жуктуруп алгандыгы аныкталган.