Улуу Британияда деңизге түшкөн 10 жаштагы бала тасмада айтылган кеңештерди аткарып аман калды.
Ал куткаруучулар келгенге чейин чөгүп кетпестен суу үстүндө калкып турганын Daily Mail басылмасы билдирет.
Окуя Англиянын Норт-Йоркшир графтыгында катталган. Равираджа Саини аттуу бала деңизге түшкөн.
Бул убакта толкун баланы карама-каршы булуңга агызып кеткен. Саини «Деңизде өмүрдү сактап калуу»
тасмасында көрсөтүлгөн кеңештерди жасады. Бала сууда чалкасынан жатып, буту-колун жазып,
жардамга чакырган. Куткаруучулар баланын мындай кырдаалдагы сабырдуулугуна баа беришти.