АКШда китепканалардын биринде өзгөчө акция жарыяланды

АКШда китепканалардын биринде өзгөчө акция жарыяланды. Жетекчилик китептерди жоготкон адамдарды мышыктардын сүрөтү үчүн кечирмей болду.

 

Тактап айтканда, китепкана алдында кандайдыр бир карызы бар жарандар айыпка жыгылгысы келбесе, мышыктын сүрөтүн алып келиши керек. Колго тартылган сүрөттөр дагы жарайт. Мындай акция марттын аягына чейин созулат.