“Бишкек башкы архитектура” Ала-Тоо аянтын жаңылоонун эскизин даярдап жатат.
Долбоорго ылайык, фонтандардын негизинде жаңы суу күзгүсүн жаратуу пландалууда.
Андан тышкары, аянтты жашылдандыруу, катмарын жаңыртуу жана амфитеатр куруу каралган. Коммерциялык объектилерди, китепканаларды жана коворкинг-борборлорду жайгаштыруу үчүн өзүнчө аймак бөлүнөт. Ошондой эле, Киев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулган тилкеси көрктөндүрүлөт.