Акыркы эки айда издөөдө жүргөн 1 миң 222 унаа табылды

Акыркы эки айда издөөдө жүргөн 1 миң 222 унаа табылды.

Бишкектин милиция кызматкерлери аларды “АвтоУраган” фото жана видео жазуу боюнча атайын аппараттык-программалык комплекстин жардамы аркылуу аныктады.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Табылган унаалардын ичинен 530у жол эрежесин бузганы үчүн, 18и туруктуу айып пул төлөбөгөндүктөн, 60ы кырсык болгон жерден качып кеткени үчүн издөөдө жүргөн.