Нарындын бардык айылдарында санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдады.
Кочкор районундагы Сары-Чат, Жумгал районундагы Арал жана Ак-Талаа районундагы Актал-Чат аймактарында 20-марттан бери санитардык-карантиндик посттор иштеп жатат. 24-марттан баштап көзөмөл күчөтүлдү.
Санитардык-карантиндик посттордон азык-түлүк, дары-дармек, жазгы талаа иштерине зарыл болгон каражаттарды алып өтүүгө жана ден соолугуна байланыштуу ары-бери каттаган жарандарга гана уруксат берилет.