Ысык-Көл облусунда үй карантин эрежесин бузган 47 жаран аныкталып, 13ү кайра обсервацияга алынды

Ысык-Көл облусунда үй карантин эрежесин бузган 47 жаран аныкталып, анын 13ү кайра обсервацияга алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

 

Анда облус боюнча жалпысынан 460 жаран үй карантининде жатканы айтылды.

 

«Алар мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлгө алынган. Жогоруда белгилегендей үй карантин талаптарын бузган 13 жаран кайрадан обсервацияга алынды. Ал эми калгандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айып салынды. Мындан тышкары бүгүнкү күндө дагы 126 адам обсервацияларда жатат. Анын ичинен 61и медицина кызматкери. Көбүнчө обсервацияларда санитардык-карантиндик посттордо кызмат өтөгөндөр жатат», — деди Осмоналиев.