Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу, айдоочуларга сапарга чыгууда этият болуу сунушталат. Бишкек-Ош трассасынын тоолуу тилкелеринде муз тоңуп, туман түшөт.
Андан улам, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашуулары аркылуу өтүүнү пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат. Унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралык сакталышы кажет.