Аламүдүн-1 ГЭСинин биринчи гидроагрегатын капиталдык оңдоо иштери аяктады

Аламүдүн-1 ГЭСинин биринчи гидроагрегатын капиталдык оңдоо иштери аяктады. “Чакан ГЭС” ишканасынын маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында адистер эскилиги жеткен тетиктерди алмаштырды.

 

Мындай оңдоо иштерин алып барууну негизги максаты – бул гидроагрегаттын бардык механизмдеринин абалын текшерүү, тетиктердеги кемчиликтерди жокко чыгаруу, жабдууларды калыбына келтирүү болуп саналат.

 

Ал эми ГЭСтин экинчи гидроагрегаты июлда капиталдык оңдоого чыгарылат.