Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери быйыл өзгөрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жарыялады. Анын айтымында, 2021-жылы өкмөт тарабынан 4 жылдык тарифтик саясат иштелип чыккан, андыктан, аны өзгөртүү пландалган жок.
Эске салсак, учурда Кыргызстан калкы электр энергиясынын бир киловатт-сааты үчүн 77 тыйындан төлөйт.
Колдонуу 700 киловатт-сааттан ашып кетсе, тариф 2 сом 16 тыйынга теңелет.