Бишкекте 700 бөбөк үй шартындагы бала бакчаларга кабыл алынды

Бишкекте 700 бөбөк үй шартындагы бала бакчаларга кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 31 үй шартындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылып, 700дөн ашык бала барып жатат.

 

504 адам атайын окутуудан өтүп, сертификатка ээ болсо, 166 киши жеке ишкер катары каттоого алынды.