Алдыңкы күндөрү Бишкекте жылуу аба-ырайы күтүлөт.
Синоптиктердин маалыматында, 3-апрелден 7сине чейин
ордо калаада май айындай жылуу болот. Күндүз температура
мамычалары 18ден 22 градуска чейин жогорулайт. Ал эми
түнкүсүн +10дон төмөн түшпөйт. Бирок 8-апрелден тарта
асманды кайрадан ала булут каптап, жаан жаайт.
Мындан улам абанын табы түшөт. Түнкүсүн үшүк жүрүшү ыктымал.