Кыргызстанда ушул жумада туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, өлкөнүн көпчүлүк
аймактарында күн бүркөлүп, жаан жаайт. 25-26-июнда
Ысык-Көл облусунун түштүк чыгышында жана Нарында,
Бишкекте абанын табы төмөндөп, нөшөрлөп жаан жаайт.
Мөндүр түшүшү дагы ыктымал. Жаандуу күндөр токтогондон кийин,
30-июндан тартып чыныгы жайкы ысык күндөр кайтып келет.