Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль алды.
Финалда Сманбеков индиялык Аман аттуу балбан менен кармашып, 4:9 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.
Эске салсак, Алмаз Сманбеков 2022-жылы Монголияда өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон.
Белгилеп кетсек, Азия чемпионаты Астана шаарында өтүүдө.