Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков күмүш байгеге ээ болду. Алгач пакистандык атаандашы Мухаммад Билал килемге чыкпай, жеңиш автоматтык түрдө Сманбековго ыйгарылды.
Чейрек финалда казакстандык спортчуну 4:2 эсебинде, жарым финалда монголиялык атаандашын 8:6 эсебинде утту. Финалда индиялык Аман Аманга жеңилип, 2-орунду ээледи. Андан тышкары, Улукбек Жолдошбеков жана Орозбек Токтомамбетов коло медалдарды тагынды.