Каракол – Эңилчек унаа жолу болжол менен эки күндөн кийин ачылат. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, аба ырайынын катаал шарттарынан улам аталган жолду тазалоо мүмкүн эмес болууда.
Эске салсак, кечээ Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуусунда кар көчкү түшүп, каттам эки тараптуу жабылган.