Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандык спортчулар 2 медаль утушту

Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандык спортчулар 2 медаль утушту.

 

Самбо.ру сайтынын маалыматына ылайык, коло медалды биздин капчыкка 57 килограмм салмак категориясында чыккан Жусуп Шакиров, күмүш медалды 68 килограмм салмакта килемге чыккан Феликс Уланбеков алып келди. Эске салсак, самбо боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербияда өтүп жатат.