Улуттук статистика комитетинин жетекчиси Самат Насридинов кызматынан бошотулду

Улуттук статистика комитетинин жетекчиси Самат Насридинов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен аталган комитетке Бактыбек Кудайбергенов дайындалды. Буга чейин Кудайбергенов президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген. Ага чейин Бишкек мэринин милдетин аткарган.