«Улуу көчмөндөрдүн мурасына» Тенгиз Бөлтүрүк жетекчи болду

Тенгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясына жетекчи болуп дайындалды.

Бул тууралуу бүгүн, 15-февралдагы маалымат жыйын учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчы Улуттук холдингдин уставдык капиталы 10-15 млрд. сомдун тегерегинде болорун, президенттин катышуусунда 282 млн. доллардан турган бюджети бекитилгенин айтты.

«Чет мамлекеттерде ийгиликке жеткен, кыргызстандык мекендештер жетектеген 20га жакын компаниялар ишенип келип жатат. Жакын арада бир топ долбоорлорду көрөсүздөр. Ошонун ичнде чалгындоо иштери дагы 12 чоң кенде жүрөт. 100% мамлекеттин карамагында болгон мекемелерге Жерүйдөй кылып сынак кылбайбыз. «Улуу көчмөндөрдүн мурасына» беребиз. Алар бизнес долбоорун иштеп, каржы булактарын иштеп чыгып анан астыга чыгат. Мисалы Таластагы Бала-Чычкан темир кени 6 млрд. доллар, Жетим-Тоо 4 млрд доллар алып келе турган кен», — деди Жапаров.

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү ири кендерди ата мекендик компаниялар иштете турганын билдирип, 2021-жылдын декабрында «Улуу көчмөндөрдүн мурасы” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Холдингдин түзүүчүсү Финансы министрлиги аталса, уставдык капиталы 100 млн. сом өлчөмүндө белгиленген.

Буга чейин Министрлер кабинети Ысык-Көлдөгү Тоголок, Таластагы Андаш жез, Талды-Булак алтын сыяктуу өлкөдөгү стратегиялык кендерди ата мекендик компаниялар иштете турганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров ишке киришкенден кийинки алгачкы жарлыктарынын бири тоо-кен тармагын реформалоого багытталган.

Кыргыз тарап былтыр май айынан бери Кумтөргө сырттан башкаруу киргизип, көзөмөлдөп жатат.