Альп тоолорунда лыжа тебүүчү жайларды буза башташты

Франциянын Альп тоолорундагы Сен-Фирмен кыштагында лыжа тебүүчү жайларды буза башташты.

База 1964-жылы курулган.

Кышкысын бул жерде кар үзгүлтүксүз жаай турган, бирок акыркы 10 жылда абал начарлап кеткен.

Климаттык кризис лыжа тебүү мезгилинин кыскарышына жана тоодогу кар менен муздун калың катмарынын азайышына алып келди.

Акыркы жолу лыжа базасы 15 жыл мурун жана бир гана күн, дем алышта иштеген.

Ошондон бери база колдонулбай калган.