Чет элдиктер билим алып жаткан медициналык окуу жайларда эрежелер катаалдады

Кыргызстанда медициналык жогорку окуу жайлардан билим алууну каалаган чет элдиктер мындан ары эл аралык программалык аккредитациядан өткөн гана университеттерге кабыл алынат. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети жарыялады.

Документте жазылгандай, мындай чара медициналык кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын деңгээлин жакшыртуу жана Кыргызстандын мамлекеттик дипломдорун таануу үчүн көрүлүп жатат.

Тышкы иштер министрлиги да визаны ошондой окуу жайларында окуй турган абитуриенттер менен студенттерге берет.