Италияга кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилип жатат

Италияга кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилип жатат.

Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 640 адамдан коронавирус аныкталды.

Бул карантиндик чаралар жеңилдетилген май айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Мындан улам бийлик айрым чектөөлөрдү кайра киргизе турганын жарыялады.

Өлкө аймагындагы бардык бий аянтчалары жабылып, адамдар көчөдө милдеттүү түрдө бет кап тагынышы керек.

Ошондой эле абал оор аймактарда катуу чектөөлөр да болушу мүмкүн.