Кыргызстанда сатыкка чыкчу 30дай ишкананын тизмеси бекиди

Кыргызстанда сатыкка чыкчу 30дай ишкананын тизмеси бекиди.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, сатыла турган компаниялардын арасында банк, фонд, акционердик коомдор бар.

Эске салсак, былтыр президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну сунуштаган жана менчиктештирүү жараянын бир жылдын ичинде аягына чыгарууну тапшырган.