Төө-Ашууда кардын калыңдыгы 77 сантиметрди түздү.
Бул тууралуу Кар көчкү коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Султанбек Белеков
novosti.kgге билдирет. Анын айтымында, Бишкек – Ош унаа жолундагы кардын калыңдыгы
өлкө боюнча эң бийин деп сакталууда. Ошондой эле, Чычкан капчыгайында жарым метр кар жатат.
Ал эми Суусамырда жана Нарындын Ат-Башы районунда 24 сантиметр кар бар.
Бул айлык нормага бир аз жетпейт, — деп кошумчалады Белеков.
Ал эми учурда өлкө боюнча башкы трассалар кыймылга ачык.