Кытайда миллионер баласы үчүн футбол клубун сатып алды

Кытайда миллионер баласы үчүн футбол клубун сатып алды. Бизнесмен машыктыруучуга койгон талабына ылайык, анын баласы бардык беттештерге катышып, алдыңкы оюнчу болушу керек.

 

Бирок миллионердин баласы футболчуга эмес, сумо балбанына окшош. Анын салмагы 126 килограммды түзөт. Жаңы оюнчу менен команда 5 оюн өткөрүп, бардыгында тең утулуп калган. Эми клуб турнирдик таблицада болгону 1 упай менен акыркы орунда турат.