Президент Садыр Жапаров “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына кол койду.

 

Ага ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын мүчөлөрү жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда 10 жылдан кем эмес иштеп, беш жыл жетекчилик кызматтарда иштеши зарыл. Министрлер кабинетинин төрагасы ошол эле учурда президенттин администрациясынын жетекчисинин кызматын аткарат.

 

Өкмөт мүчөлөрүнө ишкердик менен алектенүүгө, шайлоо же референдум маалында административдик ресурстарды колдонууга тыюу салынат. Жеке кирешеси тууралуу декларация тапшырууга тийиш.