Коронавирус дүйнөнүн бай адамдарынын чөнтөгүнө залакасын тийгизүүдө

Коронавирус дүйнөнүн бай адамдарынын чөнтөгүнө залакасын тийгизүүдө. РИА Новостинин маалыматына ылайык, алардын бир күндүк жоготуулары  139 миллиард долларга жетти.

 

Алсак, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос  4,8 миллиарддан кол жууса, Zara компаниясынын ээси Амансио Отрега  4 миллиард, Марк Цукерберг 3,4 миллиард доллар жоготту.

 

Белгилеп кетсек, Кытайда чыккан коронавирус дүйнө экономикасына терс таасирин тийгизүүдө.