Араванда аз камсыз 50 үй-бүлө 100 миң сомдон алды

Ош облусунун Араван районунда аз камсыз 50 үй-бүлө 100 миң сомдон алды.

Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, каражат мал чарбачылыгы, кол өнөрчүлүк, азык-түлүк дүкөндөрү, сулуулук салону жана күнөсканаларды ачуу сыяктуу багыттарда бизнес баштоого жумшалат.

«Социалдык контракт» долбоорун ишке ашыруунун алкагында республикалык бюджеттен 292 миллион сом бөлүнүп, кайтарымсыз каражат өлкө боюнча 2 миң 800 аз камсыз үй-бүлөгө берилет.

Анын шартына ылайык, жаран үй-бүлөсүнүн материалдык шарттарын жогорулатуу боюнча милдеттенмелерди алат.