Азиялык өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүп берет

Азиялык өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүп берет.

 

Каражат коронавирустан 1 миллион 700 миң доза вакцина сатып алууга жана ийнелерди коопсуз жок кылуу үчүн атайын контейнерлерди сатып алууга багытталат.

 

Пландалгандай, кошумча 760 миң адам эмдөөдөн өтө алат. Кошумчалап кетсек, буга чейин Азиялык өнүктүрүү банкы COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында 71 миллион доллар бөлүп берген болчу.