Ашыкча салмагынан арылгысы келгендер тамактанбастан көп убакытка чейин ачка жүргөнү эң чоң ката болуп эсептелет

Ашыкча салмагынан арылгысы келгендер тамактанбастан көп убакытка чейин ачка жүргөнү эң чоң ката болуп эсептелет.

Россиялык диетолог Анастасия Черных билдиргендей, ачка болгондо зат алмашуу жайлайт.

Себеби организм стресске учурап, энергияны болушунча үнөмдөйт. Бул учурда адамдын организминен

булчуңдун массасы менен суу кетет, бирок май калып калат. Ошондой эле кечки алтыдан кийин

тамак жебей коюу бардыгына эле туура келбейт. Арыктоону каалагандар алгач дарыгерге кайрылып,

андан кийин кеп-кеңешке жараша салмак таштаса ден-соолукка коопсуз болот.