Улуу Британияда аралыкты сактоо жүрөкчөлөрү пайда болду.
Бристоль шаарындагы сейил бактардын бириндеги жүрөкчөлөр сүйүшкөндөр үчүн
аралыкты сактоого ылайык чийилип түшүрүлдү. Романтикалуу чийиндердин аралыгы
бири-биринен алыс жана эки адамга ылайыкталган. Дал ушундай жүрөкчөлөр жакынкы
аралыкта өлкөнүн бардык аймактарындагы эс алуу бактарында пайда болушу күтүлүүдө.