Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 304 бейтап сакайып чыкты.
Республикалык штабдан билдиришкендей, Бишкекте — 18, Ош шаарында – 27,
Чүй облусунда – 30, Ошто – 54, Таласта – 13, Нарында – 20, Ысык-Көл облусунда – 39,
Жалал-Абадда – 62 жана Баткен облусунда 41 бейтап вирустан айыкты.
Ушуну менен коронавирус жана пневмониядан айыккандардын жалпы саны 33 миң 622ге жетти.