Дарыгерлер карылыктын алдын алчу диетаны аташты

Дарыгерлер карылыктын алдын алчу диетаны аташты.

Анда жашылча-жемишти көп пайдаланып, жаңгак, кесек тартылган

ундан жасалган нан жана макаронду пайдалануу каралды.

Мында рациондон этти  азайтып, балык жана деңиз азыктарына

өтүү сунушталат. Ошондой эле бул диетада зайтун майынын ролу чоң.

Аталган азыктар менен тамактанууда зат алмашуу жакшырып, эс тутум,

таанып билүү жөндөмү жогорулайт. Организмде минералдар, C, B6, B9 витаминдери,

жез, калий, темир жана магний көбөйөт.

Булар өз кезегинде жаштыкты узартат, — дешти адистер.