Бишкектин мектептеринде салттуу негизде билим берүү бүгүнтөн тартып жанданат.
Бүгүнтөн тарта салттуу режимдеги окууга 1-5-9-11-класстын окуучулары кайтып келет.
Балдар 2 смен менен окуп, парталарга шахмат тартибинде отургузулат.
Мындай форматтагы окуу 1-февралга чейин уланат. Эгер шаарда
эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калса, анда бардык
класстын окуучулары мектепке кайтып келет.