Коронавирустан зыян тарткан дарыгер жана медицина кызматкерлерине төлөмдөрдүн көлөмү бекитилди. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, эгер медкызматкер иштеп жаткан учурда COVID-19 вирусун жуктуруп алса, ага 200 миң сом өлчөмүндө компенсация берилет.
Эгер вирустан өлүм катталса, дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом төлөнөт.
Буга чейин мындай суммалар айтылган. Бирок өкмөттөн компенсациянын өлчөмү бекитиле электигин айтышкан. Белгилеп кетсек, учурга карата Кыргызстанда 79 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды.