Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пунктта жүздөй жүк ташуучу унаа турат

Кыргыз-Казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү пунктунда 100дөй кыргыз жүк ташуучулары турат. Бул бүгүн, 15-июль саат 08:00гө карата алынган маалымат экенин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

 

Мекеменин маалыматына караганда, жүк ташуучу унаалардын 30-40ы контейнер ташыса, калганы эл керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын ташыйт.

«Аталган өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын топтолушу экономикалык иштин активдешүүсү жана жүк жүгүртүмүнүн сезондук көбөйүшү менен байланыштуу. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны катталган жок», — дешти маалымат кызматынан.