Ысык-Көл облусуна «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик посту аркылуу гана кирүүгө болот

Ысык-Көл облусуна Балыкчы шаарынагы «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик посту

аркылуу гана кирүүгө болот. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев

билдирди. Анын айтымында, аймакка кирүүдө паспортту көрсөтүү талап кылынат.

Ал эми облустан «Кызыл Омпол» посту аркылуу чыгууга болот. Бул үчүн райондук

администрациядан же шаардык мэриядан алынган өткөрмө кагаздарды көрсөтүү керек.