Түркмөнстандын Түркмөнабад шаарында жайкы каникулдарда окуучуларга бир катар чектөөлөр киргизилет.
Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, президент Сердар Бердымухамедовдун буйругу менен жайкысын балдарга кечкисин сейилдөөгө, кафе-ресторандарга барууга, ТикТок, Инстаграм жана башка социалдык тармактарда сүрөт-видео бөлүшүүгө, ар кандай сайттарга кирүүгө тыюу салынат.
Ата-энелердин арасында атайын түшүндурүү иштери жүргүзүлүп, ар биринен атайын тилкат алынат.