107 миң окуучунун ата-энеси миграцияда жүрөт.
Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары
Надира Жусупбаева билдирди. Анын айтымында, мигранттардын балдары
каттоого алынып, жылына 3 жолу текшерилет. Аларга атайын карточка ачылды.
Анда балага ким жооптуу экени көрсөтүлөт. Белгилеп кетсек, аймактарда ата-энеси
чет өлкөдө эмгектенген жарандардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө
рейд жүрүп жатат. Мындай чара айрым үй-мүчөлөрүнөн балдарга
карата зомбулук жасалып жатканына байланыштуу.