Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга 121 миллион доллар бөлдү

Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга 121 миллион доллар бөлдү.

Каражатты биздин өлкөгө Уюмдун Вашингтондогу жетекчилиги

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү жана бюджеттеги тартыштыкты

жоюу максатында берди.  Пандемиянын айынан Кыргызстандын

макроэкономикасы жабыркап, 400 миллион долларлык чыгымга учурады.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясы

өлкө экономкасына терс таасир тийгизгенин билдирип, бир катар

эл аралык институттардан жардам сураган. Вице-премьер-министр

Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, быйыл өлкө бюджетине

28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар.