Бүгүн Катарда оюн талаасына учурдагы дүйнө чемпиону Франция чыгат. Тунис курамасы менен беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да старт алат. Ага катар ушул эле убакытта Австралия – Дания курамалары ойнойт.
Түнкү саат 1де футбол күйөрмандары Польша-Аргентина жана Сауд Арабия – Мексика беттештерине күбө болот.
Белгилеп кетсек, Франциянын жылдыздуу курамасы 6 упай топтоп, плей-офф бөлүккө эртелеп жолдомого ээ болду.